Жаңылыктар
Ысырапкорчулукту жоюуга багытталган жарлык
Кыргызстан жаңылыктары
Ысырапкорчулукту жоюуга багытталган жарлык

Президент Садыр Жапаров "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул өлкө жарандарынын социалдык, экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо максатын көздөйт.