Жаңылыктар
Кезек күткөн айдоочулар
Кыргызстан жаңылыктары
Кезек күткөн айдоочулар

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө жайында коңшу өлкөгө кирүү үчүн кезек күткөн унаалар көбөйүп, тыгын пайда болду. Чек ара кызматы 160дай унаа топтолуп, алардын ичинен 70ден ашыгы тийиштүү документи жок кармалып жатканын билдирди. Ошондой эле Чек ара кызматы унаалар мурдагы эле калыпта өтүп жатканын кошумчалайт.