УКМКнын чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 2 жыл мурда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жарадар болгон Мирбек Султанбек уулунун батирин көрсөтүп, үйүнүн документтерин тапшырды. Чек арачыга буга чейин Президент Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган. Мирбек Султанбек уулу мекени үчүн жанын да аябай, аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин, баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөттү.