Жаңылыктар
ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө экспорттоо көбөйүүдө
Экономика
ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө экспорттоо көбөйүүдө

Ушул жылдын башынан тарта Кыргызстандагы кайра иштетүүчү өндүрүштүн 15 ишканасы, ЕАЭБ курамындагы өлкөлөргө ар кандай айыл чарба азыктарын сатууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция - экспорттоло турган продукциялардын тизмесине, дагы 7 ишкананы киргизүүнү сунуштаган. 

Ысык-Ата районундагы асыл тукум канатуулар фабрикасы өз продукциясын өлкө сыртына чыгаруу боюнча тажрыйбасы бар. Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарын ЕАЭБ аймагына чыгарууга карантин киргизилгенден тарта ишкана чыгарган азыктарын өлкө ичине гана сатып калган.

Канатуу фабрикасынын канатууларды көбөйтүү, багуу технологияларды европалык стандартка жооп берет. Азыктар экологиялык жактан таза болуш үчүн ишкана канатууларды өзү өндүргөн жем азыктар менен багып, өз убагында дарылап турат.