Жаңылыктар
Дүйнөдө коронавируска каршы чектөөлөр алынууда
Дүйнө
Дүйнөдө коронавируска каршы чектөөлөр алынууда

Дүйнө акырындап коронавирус чектөөлөрүнөн баш тартууда. Кезек коңшу Өзбекстанда. 1-марттан тарта өзбекстандыктар ачык жерлерде медициналык беткап кийбей эле жүрүшсө болот. 

Мындай чечим Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Өзбекстанда коронавируска кабылуу учурлары азайганына байланыштуу кабыл алынды. Белгилей кетсек, чектөөлөр ошондой эле Европа мамлекеттеринде алынып жатат.