Жаңылыктар
Австрияда сыноо иретинде дрондордун жардамы менен күн карама эгилди
Дүйнө
Австрияда сыноо иретинде дрондордун жардамы менен күн карама эгилди

Австрияда дыйкандар жаңы технологияларды колдоно баштады. Алар күн караманын жаңы түшүмүн дрондордун жардамы менен айдады. 

Мындай ыкма Австрияда биринчи жолу колдонулуп жаткан. Ошондуктан азырынча сыноо иретинде жүргүзүлдү. Технологиянын артыкчылыгы — убакытты жана жумушчулардын күчүн үнөмдөө. Андан тышкары, дрон менен урук себүүдө жер кыртышы жабыркабайт.