Жаңылыктар
Бишкектин эки районунда өтө турган шайлоого соңку даярдыктар көрүлүүдө
Шайлоо 2023
Бишкектин эки районунда өтө турган шайлоого соңку даярдыктар көрүлүүдө

Бишкектин эки районунда өткөрүлө турган шайлоого соңку даярдыктар көрүлүүдө. Шайлоо тилкелерине электрондук эсептөөчү үкөктөр жеткирилди. Ал эми бюллетендер бүгүн, 25-февралда берилет. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 50 талапкер ат салышууда.

Бишкек шаарындагы номер 1324-шайлоо тилкеси жогорку окуу жайынын имаратында жайгашкан. Окуу процесси жүрүп жаткандыктан азырынча жабдуулар добуш бере турган жерге жайгаштырыла элек. Электрондук үкөктөр текшерилип, сыноодон өттү. 

Эки округда 120 шайлоо тилкеси бар. Анда добуш бере турган жарандардын саны мурдагы тизмеден анча айырмаланган жок. Бишкектин бир мандаттуу эки округунда 219 миңден ашуун шайлоочу катталды. Алардын 113 миңи Биринчи май районуна, ал эми 106 миңи Свердлов районуна таандык. Эки округдан шайлоодо ат салышууга 72 адам арыз берип, алардын 53ү талапкер болуп катталган. Кийинчерек 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.
Үгүт өнөктүгү учурунда шайлоо эрежелери бузулган учурлар катталат. Бирок бул ирет олуттуу мыйзам бузуулар көп эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы кайрылууларды укук коргоо органдарына жөнөтүп, текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатат.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов райондорунда бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерге ишеним көрсөтүлгөн эмес. “Баарына каршы” добуш көп берилгендиктен кайра шайлоо белгиленген. Кайталап добуш берүү 27-февралда өтөт.