Жаңылыктар
Фракция лидерлеринин ортосундагы чоң ажырым
Саясат
Фракция лидерлеринин ортосундагы чоң ажырым

Жогорку Кенеште конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагасын шайлоо маселесинен чыккан талаш фракция лидерлеринин ортосунда чоң ажырымды жаратты. 

Комитеттин төрагасын шайлоо боюнча пикир келишпестиктер Социал-демократтар менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын ортосунда чыгып, депутат Иса Өмүркулов маанилүү маселелер боюнча көпчүлүктүн чечимине каршы пикирдеги фракцияларды коалициядан чыгып кетүүгө чакырды.

Жалпы жыйын бүгүн парламенттик көпчүлүккө кирген фракциялардын ортосунда ажырымды жаратарын эч ким күткөн эмес. Бардыгы өнүгүүчүлөрдүн лидери Бакыт Төрөбаевдин сунушунан башталды. 

Спикер Чыныбай Турсунбеков буга жооп кылып, бул маселе эртеңки күндүн күн тартибинде турганын айтты. Өнүгүүнүн лидерине алгач Тынчтык Шайназаровду конституциялык мыйзамдар комитетинин курамына киргизүү маселесин чечүүнү сунуштады. Шайлоо болсо эртең өткөрүлмөк. Бирок Бакыт Төрөбаев өзүнүн сунушун өткөрүүнү талап кылып туруп алды. 

Башында жөнөкөй эле маселе көрүнгөн. Депутаттар бир профилдик комитеттин төрагалыгын бөлүшө албай жаткандай. Бирок мында маселе башка жакта жатканы байкалып турат. Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетти башкаруу бардык саясий күчтөр үчүн эң маанилүү болуп эсептелет, өзгөчө баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жарыяланганы жатканда. 

Саясатчылардын пикиринде, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы кандай болсо да конституциялык мыйзамдар боюнча комитетке жетекчилик кылууну көздөп жатат. Муну алар башка саясий күчтөрдүн жардамы менен да ишке ашырып жатат дешет. Социал-демократтар болсо башка комитеттин мүчөсүн талапкер катары жылдыруу регламентти бузуу деп эсептешет. Талаш токтобой маселе коалициянын ажырымына келип жетти.