Жаңылыктар
Бишкекте КМШнын мааракелик саммити 16-17-сентябрда өтөт
Саясат
Бишкекте КМШнын мааракелик саммити 16-17-сентябрда өтөт

Бишкек шаарында КМШнын мааракелик саммити 16-17-сентябрда өтөт. Иш-чараны татыктуу өткөрүүгө учурда даярдыктар көрүлүүдө. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Абдылдаевге күтүлүп жаткан саммитти жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасын берди.  Милиция Саммитке байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштейт. Делегация мүчөлөрү жүрүүчү каттамдар, алардын жашаган жерлери жана иш-чара өтчү жай күчөтүлгөн көзөмөлгө алынды. 

Бу жолку өлкө башчылардын жыйыны уюмдун 25 жылдык мааракесине туш келди. Кыргызстан төрагалык кылган КМШнын юбилейлик саммитинде 15 маселе талкууланмакчы. Саммитке алты мамлекеттин президенттери келери белгилүү болгон. Өзбекстандын тышкы иштер министри келет. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин 17-сентябрда Бишкекте эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Бозулан Ысаков