Жаңылыктар
Өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат

Мындан ары той-аштарга ашыкча чыгым коротууга жол берилбейт. 

Президент Садыр Жапаров "Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Анда үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына ири суммадагы каражат сарптабастан жана көп мал сойбой өткөрүү белгиленген.

Өлкөдө жамандык, жакшылыктарда бирдей мал союлуп, ашыкча чыгым коротулганы менен ысырапкорчулук ооздукталбай келген. Президент Садыр Жапаров бул маселеге чекит коюп, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.