Жаңылыктар
Жалпы билим берүү тармагы реформага муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Жалпы билим берүү тармагы реформага муктаж

Жалпы билим берүү тармагы реформага муктаж. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов мугалимдердин жылдык коллегиясында билдирди. 

Анда былтыр аткарылган иштер жана быйыл тармакты өзгөртүү пландары талкууга алынды. Аймактардан келген педагогдор жамааты ар бири өз багыты боюнча бир катар тапшырмаларды алышты. Быйылкы жылы мамлекет социалдык тармакка өзгөчө көңүл буруп, анын ичинде билим берүү системасын жакшыртуу үчүн бюджеттен бөлүнө турган каражаттын суммасын көбөйттү. Аны менен катар алыскы аймактарда жаштарды кесипкөйлүккө даярдоо багытында да бир катар жаңы программалар ишке ашат. 

Чек арада жайгашкан Баткен мамлекеттик университетинде учурда 12 миңден ашык студент билим алат. Жыл сайын кесипке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн 48% жумуш менен камсыз болушат.