Жаңылыктар
ЖК: коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп Исаев шайланды
Саясат
ЖК: коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп Исаев шайланды

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп Канат Исаев шайланды. 

Мындай чечим коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлеринин жабык эшик артында өткөн жыйында кабыл алынды. 

Буга чейин  парламенттин жыйынында көпчулүк коалициянын лидери жоктугуна сын-пикирлер айтылган болчу. 

Ошондой эле КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына талапкерди көрсөтүү боюнча бир чечимге келе албай жатышкандыктан, ал эми "Ата Мекен" менен Конституцияны өзгөртүү боюнча карама-каршы позицияда болгондуктан, Өмүркулов "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекенге" коалициялык көпчүлүктөн чыгууну сунуштаган.

Гүлбүбү Усенова