Жаңылыктар
Бишкекте бир мандаттуу эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө
Шайлоо 2023
Бишкекте бир мандаттуу эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө

Бишкек шаарында бир мандаттуу эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Эске салсак, соңку парламенттик шайлоо былтыркы жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда дал ушул эки округдун шайлоочулары "баарына каршы" добуш бергендиги үчүн эл өкүлү тандалган эмес. 

Добуш берүү тилкелеринин мүчөлөрү бул ирет дагы алдын ала даярдык көргөн. Автоматтык эсептөөчү урна жана башка керектүү жабдууларды сыноодон өткөрүшкөн. Санитардык талаптар биринчи орунга коюлган. Шайлоо өнөктүгүнө талапкерлердин байкоочулары көз салат.