Жаңылыктар
Кыргыз - казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштөөдө
Чек ара
Кыргыз - казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштөөдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандын чек ара тилкесиндеги көзөмөл өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын маалымдайт. Кечээ "Кең-Булун-авто жол"көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу бош жүк ташуучу унаалар бош контейнерлер менен өткөрүлө баштады.

УКМКнын Чек ара кызматы, мурда "Кең-Булун-авто жол" өткөрүү жайы аркылуу бош жүк ташуучу унаалар бош контейнерлерсиз гана Кыргызстандан Казакстанга өтө алышса, ал эми азыр болсо бул көзөмөл өткөрүү жайынан жүк ташуучу унаалар бош контейнерлери менен өтө алышаарын эскертет. 27-февралы саат 10.00 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги "Ак-Тилек-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайында чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 70 жүк ташуучу унаа турат, ошондой эле көзөмөл өткөрүү жайынан анча алыс эмес жерде жолдун боюнда 25 жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жүктүн коштомо документтерин, ПЦР тесттин жыйынтыгын жана башкаларды күтүп турушат. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу.