Жаңылыктар
Украинадан качкандардын саны 150 миңге жетти
Дүйнө
Украинадан качкандардын саны 150 миңге жетти

Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу өлкө аймагынан 150 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен УлуттарУюмунун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди билдирди. Анын айтымында, качкындардын жарымы Польшага келди. Калгандары Молдовада, Румынияда, Словакиядажана Европанын башка өлкөлөрүндө башпаанек табышты.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасаган. Үч күндөн бери орусармиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоону улантууда. Эңчоң чабуулдар Киевде жасалды. Украинанын cаламаттык сактоо министри ВикторЛяшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейинукраин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жарааталган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.