Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүү. Арзыбек Кожошев Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан көргөзмөгө катышты
Туризм
Туризмди өнүктүрүү. Арзыбек Кожошев Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан көргөзмөгө катышты

26-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан көргөзмөгө катышты. 

Ал текши тигилген күркөлөрдө туристтик компания өкүлдөрү, бал азыктарын көргөзмөгө алып чыккандар менен баарлашты. Учурдан пайдаланып ишкерлер жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрүн дагы айтты. Андан ары Арзыбек Кожошев баштаган жоон топ Т.Сатылганов атындагы "Камбаркан" фольклордук ансамблинин концертине күбө болушту.

Манас айтылып, эстрада менен опера ырчыларынын өнөрлөрү тартууланды. Белгилей кетсек, туристтерди өлкөгө тартуу максатында уюштурулган көргөзмө менен концерт 24-февралдан 26на чейин Эр-Рияддагы санарип шаарчада үч күн катары менен өттү. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргызстан-Сауд Арабия ишкерлеринин форумуна катышат.