Жаңылыктар
Баш мыйзамдын 26-беренесине жетинчи бөлүм кошулат
Саясат
Баш мыйзамдын 26-беренесине жетинчи бөлүм кошулат

Конституцияны өзгөртүү маселеси кызуу талкууда. “Биринчи радио” баш мыйзамдын 26-беренесиндеги өзгөртүүгө токтолот. Анда жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана аныкталаары тууралуу жобо камтылган.

“Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык  жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Жазык  жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулат. Кылмыш  жасалган бардык учурларда, эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан жазык иши боюнча  тергөө сотко ишти өткөрүү менен акырына чейин чыгарылат”.

Баш мыйзамдын 26-беренесинде 6 пункт камтылган болсо, жаңы долбоордо жогоруда айтылган жобо менен жетинчи бөлүмчө да киргизилүүдө. Бул кылмыштын эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулаарын билдирет. Мындай шартта прокуратура, тергөө мөөнөт тууралуу жүйөөнү келтирип ишти иликтөөнү токтото албайт. 26-беренедеги бул толуктоону колдогондор да, каршы пикирин айткандар да бар.

Жасалган кылмыштын мөөнөтү эскирди деген  жүйөө менен жоопкерчиликтен кутулгандар аз эмес.  “Кумтөргө” байланыштуу кылмыш иши козголуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түздү деген негизде бир катар мурдагы жооптуу кызматта иштегендер абактан эртеси эле бошонгону мунун бирден-бир далили. 

Талдоочу Токтогул Какчекеев бул өңдүү кылмыштар үчүн мөөнөт түшүнүгү болбошу керектигин айтат.

Кумтөр маселесине байланышкан кылмыштардын мөөнөтүнө байланыштуу жагдай өзүнчө мыйзам менен каралышы мүмкүн. Жогоруда айтылган берене буга чейин Жогорку Кеңеште кызуу талкууларды жаратып келген.

Калыгул Асамбаев