Жаңылыктар
БШК: саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 18,65% добуш берүүгө келди
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 18,65% добуш берүүгө келди

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 18:00го карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, жалпысынан 40 970 адам же жалпы шайлоочулардын 18,65% добуш берүүгө келди.

Шайлоочулар Свердлов округунда активдүү болууда, тактап айтканда 25 441 адам (23.88%) добуш берди. Биринчи май окуругундагы добушканаларга 15 529 (13.75%) шайлоочу келди.

Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек.