Жаңылыктар
“Кыргызстан – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форуму өттү
Экономика
“Кыргызстан – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форуму өттү

“Кыргызстан – Сауд Арабия Королдугу” аттуу бизнес-форуму өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн ишкерлери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Жидда шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммед ибн Юсуф Нагини катышты. 

Форумда туризм, айыл чарба жана транспорт инфраструктурасы тармактарындагы инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр сунушталды. Бизнес-форумга 100дөн ашуун катышуучу, анын ичинде каржы институттарынын жана 45 ата мекендик жана 65 саудиялык компаниянын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында энергетика жана айыл чарба продукцияны экспорттоо жаатында 4 документке кол коюлду.