Жаңылыктар
Кайра шайлоонун толук жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат
Шайлоо 2023
Кайра шайлоонун толук жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Айтымында, учурда автоматтык түрдө эсептөө үкөгүнүн маалыматы жарыяланды. Ага ылайык, Биринчи май округу боюнча Эльвира Сурабалдиева — 46,09%, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев — 17,28% алдыга чыкты. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. 

Бирок 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган. Бишкек шаарында 120 шайлоо тилкеси уюштурулду. Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо участкасы түзүлдү. Эки округ боюнча шайлоочулардын саны 219 миң 654 адамды түзөт.