Жаңылыктар
Интернеттин кымбатташын кантип жөнгө салса болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Интернеттин кымбатташын кантип жөнгө салса болот?

Интернеттин кымбатташы боюнча кырдаалды жөнгө салуу үчүн аны жеткирүү боюнча башка өнөктөш мамлекеттерди  издөө керек. 

Мындай пикирин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков,  тариф маселесибоюнча өткөн жумушчу жыйында билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирүүсү боюнча, маселени ушул айдын  соңунда өтүүчү Евразиялык экономикалык комиссиянын жүрүшүндө көтөрүү пландаштырылууда. 

Интернеттин кымбатташына Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары дагы тынчсызданышып, бул кадам жарандардын билим алуусуна тоскоол болорун айтышууда. Ал эми азыркы күндө интернетсиз жашоону элестетүү кыйын экенин шаар тургундары белгилешүүдө.

Мээрим Абдраманова