Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда эл каттоо электрондук форматта өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргызстанда эл каттоо электрондук форматта өтөт

Быйыл Кыргызстандын калкын жана турак жайларды каттоо электрондук форматта өтөт. 

Ал үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Учурда улуттук статистика комитети тарабынан эл каттоого тартыла турган персоналды окутуу, үйрөтүү иштери жүрүп жатат. Себеби алар эл жана турак жай фондун каттоого байланыштуу бардык маалыматтарга ээ болушу абзел. Персоналдын курамын координаторлор, текшерүүчүлөр, каттоочулар жана статистикалык комитеттин кызматкерлери толуктайт. Саамалыкка өлкөнүн бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат. Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалпы өлкө боюнча эл каттоо 1999чу жана 2009-жылы өткөрүлгөн. 

Кийинки өнөктүк өлкөнү санариптештирүү иши жүрүп жаткан учурга дал келүүдө. 23-марттан 1-апрелге чейин улана турган иш-чарада мобилдик тиркеме пайдаланылып, каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт.