Жаңылыктар
М. Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
М. Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Бириккен күрөш уюмунун версиясы боюнча 68 кг салмакта дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. 

Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылды. Эскерте кетсек, Жуманазарова 24-27-февралда Түркияда өткөн "Yasar Dogu, Vehbi Emre, Hamit Kaplan" эл аралык рейтингдик мелдешинде күмүш медаль утуп алган. Жаңыланган рейтингден кийин экинчи орунда келе жаткан Мээрим Жуманазарова жалпы 83 миң 600 упай менен сап башына көтөрүлдү. 

Ошондой эле Айпери Медет кызы Түркиядагы мелдеште алтын медаль утуп, өзүнүн рейтингин жогорулатты. Медет кызы 76 кг салмакта жалпы 67 миң упай менен экинчи орунга чыкты. Ал эми Айсулуу Тыныбекова 86 миң 400 упайы менен биринчи орунду сактап калды.