Жаңылыктар
Кыргызстан - БУУ кызматташтыгына 30 жыл
Саясат
Кыргызстан - БУУ кызматташтыгына 30 жыл

Кыргызстан 30 жыл аралыгында Бириккен Улуттар Уюму менен саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, өнүгүүдө тыгыз кызматташып келди. Адам укуктарына маани берген Кыргызстан, эл аралык абройлуу уюмга мүчө болгондон тартып эле сунуштаган демилгелери, бир добуштан колдоо таап жатканы кызматташтыктын 30 жылдыгына арналган тегерек столдо айтылды.

Бүгүнкү күндө БУУга 193 мамлекет мүчө. Ал эми, Кыргызстан 1992-жылдын 2-мартында бир добуштан кабыл алынып, кызматташып келүүдө.
30 жыл ичинде өлкө өзүнүн саясий, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү болгон демилгелерди ортого салды.