Жаңылыктар
Улуттук банкта алтын куймаларын сатып алуу үчүн кезек күткөндөр көбөйдү
Экономика
 Улуттук банкта алтын куймаларын сатып алуу үчүн кезек күткөндөр көбөйдү

Улуттук банкта алтын куймаларын сатып алуу үчүн кезек күткөндөр көбөйдү. Алар акчанын куну кетип жатканын, баалуу металлдын баасы көтөрүлөрүн эске алышкан. Буга чейин президент Садыр Жапаров каражаты барларды алтын сатып алууга чакырган.

Улуттук банк күн сайын алтын сатып алууну каалаган ондогон кардарларды кабыл алып жатат. Айрымдар өз кезегин эки күндөн бери күтүүдө. Айлык эмгек акысын коротпой,аны 1-2 грамм алтынды сатып алууга сарптап жаткандар бар.