Жаңылыктар
Саммит коопсуздугуна карата күч түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Саммит коопсуздугуна карата күч түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

КМШ мамлекет башчылары чогула турган самиттин башталышына бир күн калды. Ушул күндөрү Кыргызстанда өтө турган маанилүү иш-чарага карата күч түзүмү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Патрулдук кайгуул милициясы жол коопсуздугун көзөмөлдөө максатында атайын аймактарга бөлүнүп иштеп жатат. Андан тышкары атайын кызмат менен биргеликте делегация каттачу жолдорду жана чет элдик меймандарды ташып жүрүүчү унааларды текшерүүдө. Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Патрулдук милиция кызматы жарандарга кайрылып, мындай эрежени түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Эртең Манас аэропотунан борбор калаага чейинки жолдогу кыймыл токтотулат. Андан ары Фучик көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин, кайра Жибек-Жолу көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки жолдор жабылат.

Ички иштер министрлиги 30-августтан бери, өлкө эгемендигинин 25 жылдыгына, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө жана эртең боло турган саммитке байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Коопсуздукту камсыздоого жалпы 3 миңден ашуун милиционер тартылды. Маанилүү объектилер кайтарууга алынып, даярдык иштери комплекстүү аткарылууда.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118