Жаңылыктар
Кооптуу учур жаралса телефондор тыңшалат
Кыргызстан жаңылыктары
Кооптуу учур жаралса телефондор тыңшалат

Өлкөнүн коопсуздугу баарынан маанилүү... Өзгөчө маалыматтык технология өнүккөн заманда маалымат коопсуздугун координациялоо жана камсыздоо олуттуу маселелерден. 

Мындан улам бул аракеттердин алдын алууну шарттаган мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Өз кезегинде парламент "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө мыйзам долбоорун" биринчи окуудан колдоду. Ага ылайык террорчулукка, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка жана башка оор кылмыштарга шектелгендердин телефондору жашыруун тыңшалат.