Жаңылыктар
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде?
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде?

Маселен, башкы прокуратуранын мыйзамдардын үстүнөн көзөмөл кылуу функциясы күчөтүлүп, тергөө укугу алынат. Кылмыштын эскирүү мөөнөтү боюнча бөлүмдөрдө өзгөртүүлөр киргизилип, бул чечимди эми тергөөчүлөр эмес сот кабыл алат. 

Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө каралган. Анын ишмердигине бир гана Конституция аркылуу өзгөртүү киргизилет. Маселе буга чейин коргоо кеңешинде талкууланып, негизги чечимдер кабыл алынган.

Айрым учурларда башкы прокуратурага мекемелер аралык тергөө тобун түзүү укугу берилет. Бул учурда алар кылмыш ишин козгоого да мүмкүнчүлүк алышат.
Демилгечилер азыркы Коргоо кеңешин коопсуздук кеңеши деп атын өзгөртүүнү сунушташкан. Анткени коопсуздук түшүнүгү коргоого караганда кеңири маанини берет. Коргоо кеңешинин аталышын Конституцияга өзгөртүүлөрсүз алмаштырууга мүмкүн эмес. Дүйнөлүк тажрыйбада да бул орган көбүнесе Коопсуздук кеңеши деп колдонулат.



Баш мыйзамдын жаңы редакциясында кылмыштын эскирүү мөөнөтү боюнча ыкманы туура колдонуу сунушу киргизилүүдө. Бул норманы азыр тергөөчүлөр коррупциянын булагына айлантып алышкан дешет эксперттер. Атайылап тергөөнүн мөөнөтүн созушуп, эскирүү мөөнөтүн күткөндөр бар.

Аны менен катар өзгөртүүлөрдө жалпы эле мамлекеттин коопсуздук маселеси камтылган. Айрым коомдук ишмерлер 27-июнда кабыл алынган конституциянын тексти башка вариантка алмашып калганын айтышууда. 2010-жылы Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон генерал Ашырбек Бакаев, эки тилдеги текст бири-бирине карама каршы келгендиктен, аны колдонууда терс кесепеттерге алып келген жагдайлар көп экенин белгилейт.

Баш мыйзамдын тексти алмашып калган деген жүйөнү Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да айтып келишет. Социал-демократ Анвар Артыков мындай шектенүүлөр 2011-жылы эле болгонун, азыркы конституцияда улуттук коопсуздукка доо кетире турган көп жагдайлары бар экенин билдирди.
Андыктан баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси өз убагында демилгеленгенин айтышат. Эң башкысы мында бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары тең бөлүнүп, бир колго топтоо деген түшүнүк жокко чыгарылууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118