Жаңылыктар
Текебаев КТРКнын башкы директоруна коркутуу менен кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Текебаев КТРКнын башкы директоруна  коркутуу менен кайрылды

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал өлкө жетекчилигинин жана башка чиновниктердин өзү мыйзамсыз деп эсептеген аракеттерине сын айтып, Коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбековду коркутуп өттү. 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев башкалар менен кошо Коомдук биринчи каналдын башкы директору Илим Карыпбековго да кайрылды. Анын билдирүүсү төмөндөгүдөй сөздөр менен коштолду:

Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери,

Илим сага кайрылам, объективдүү бол. Баардык тарапты бирдей чагылдыр. Бакиев менен жүрүп, аман калдын, эгерде азыр туура иштебесең, Атамбаев менен жүрүп аман калбайсың.

Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүндөгү акыркы сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Айрым колдонуучулар мында Илим Карыпбековдун дарегине тикелей коркутуу болгонун айтышууда.

КТРКнын башкы директору саясатчынын сөзүнө карата өзүнүн пикирин билдирди. Ал жообун Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жарыялады.

Достор!
Мага көп журналисттер кайрылып бүгүнкү Өмүрбек Чиркешовичтин менин атыма айтылган сөздөрү үчүн прокуратура органдарына кайрылар-кайрылбасымды сурап жатышат.
Өмүрбек Чиркешовичтин айткан эскертүү-коркутууларында канчалык деңгээлде кылмыш ишинин белгилери бар же жогун атайын компетенттүү органдар укуктук баа берет деген ойдомун. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин негизинде кылмыш ишин козгоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан билдирүүлөр жетиштүү! Өзүм атайын арыз менен кайрылайын деген оюм жок, себеби Өмүрбек Чиркешовичтин айткан сөздөрүн саясый эмоцияга алдыруу, мага басым көрсөтүү аракети катары баалап, ал киши менин жашоомо, денсоолугума чынында зыян келтиргиси келбейт деп ишенгим келет.

Ошол эле учурда Өмүрбек Чиркешовичти, башка саясатчыларды, коомдук ишмерлерди саясый айдыңында сөз айтып кадам таштаарда токтоолукка, жоопкерчиликке чакырып кетет элем.

Өмүрбек Чиркешович! Сиздин душмандарыңыз аз эмес болсо керек, ошол эле учурда мага дагы терс мамилесин көздөп жүргөн адамдар жок болбосо керек. Сиздин мага айткан саясий эскертүү-коркутууларыңыздан кийин ошол адамдар бул абалды колдонуп менин, же менин жакындарымдын жашоосуна, ден-соолугуна саясый эмес, түз кооптуу кадамдарды кылбайт деген кепилдикти бере албасаңыз керек! Бул себептен сиздин бүгүнкү кадамыңыз Сизге дагы, мага дагы эч бир жакшылык алып келбейт деп эсептеймин!

Ал эми тең салмактуулук, ар тараптуулук жөнүндөгү эскертүүлөрүңүз боюнча, булар - КТРКнын негизги принциптери экендигин белгилеп, мындан ары дагы бул принциптерди бекем карманганга толук аракет кылмакчыбыз деп белгилейм.
Баардыгыбызга токтоолук, сабырдуулук, элибизде тынчтык болушун каалап кетмекчимин!

Урматым менен!

Аягында башкы директор бардык тараптарга, анын ичинен Өмүрбек Текебаевге ден-соолук, дем күч каалап, сабырдуулукка чакырды.