Жаңылыктар
Бүгүн КМШ мамлекет башчыларынын саммити болот
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн КМШ мамлекет башчыларынын саммити болот

Кыргызстанда өтө турган маанилүү иш-чарага карата күч түзүмү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Патрулдук кайгуул милициясы жол коопсуздугун көзөмөлдөө максатында атайын аймактарга бөлүнүп иштеп жатат. 

Андан тышкары атайын кызмат менен биргеликте делегация каттачу жолдорду жана чет элдик меймандарды ташып жүрүүчү унааларды текшерүүдө. Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. Патрулдук милиция кызматы жарандарга кайрылып, мындай эрежени түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118