Жаңылыктар
КМШ уюму качан пайда болгон?
Саясат
КМШ уюму качан пайда болгон?

25 жыл мурун түзүлүп, бүгүн маарекелик  саммитке чогулуп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештик уюмунун тарыхына  токтолуудан мурун бул кандай уюм?-деген суроого  саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов, КМШ– кызматташтык уюмуна кирген суверендүү мамлекеттердин өз ара алакаларын жөнгө салуучу эл аралык уюм дейт.

КМШны түзүү хроникасы: алгач,  1991-жылы 8-декабрда  “Көз карандысыз мамлекеттердин  кызматташтык уюмун түзүү жөнүндө” Беловеж келишими түзүлгөн. Көп өтпөй 13-декабрда СССРдин курамына кирген, Борбордук Азиядагы 5 мамлекет башчысы Ашхабадда, бул уюмга кирүүнүн шарттарын талкуулоо үчүн Алматыда жолугушууну  белгилеген.  Анан  1991-жылы  21- декабрда 11 мамлекеттин башчылары  КМШны түзүү жөнүндө  Алмата  декларациясын кабыл алган. 

Эми андагы тарыхый учурга токтолсок, 1991-жылы Советтик Социалисттик Республикалар Союзу геосаясый алкакта  эл аралык укуктук ишмердиги токтотулган. Ошентип 1991-жылы 8-декабрда  “Көз карандысыз мамлекеттердин  кызматташтык уюмун түзүү жөнүндө” Беловеж келишими кабыл алынган.  Бул  келишимдик документти  эки-үч күндүн ичинде Белоруссия, Украина жана Россиянын парламенти ратификациялаган. Ал эми 1991-жылы 13-декабрда Ашхабадда, баштагы СССРдин курамына кирген, Борбордук Азиядагы 5 мамлекет: Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркменистан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуу учурунда, КМШга тең укуктуу шартта гана кире тургандыктарын билдиришкен.

 

Анан Казакстандын президенти бул маселени Алматада чогулуп талкулоону сунуштаган. Бул максатта чогулган жыйынга: 1991-жылы  21- декабрда 11 союздук республика: Азербайжан,  Армения, Кыргызстан, Беларуссия, Казакстан, Молдавия, Россия,   Тажикистан, Түркмөнстан,   Өзбекстандын мамлекет башчылары катышып, кабыл алынган Алма-Ата  декларациясында, КМШны түзүүнүн максаты, принциптерин бекитилген. Бул жыйын  СССР ыдырагандан кийинки жаңы кызматташтык уюмуна биригүүнүн  экинчи олуттуу  кадамы болуп калды. Анан 1993-жылы  Грузия,  1994-жылы  8-апрелде  Молдавия мүчө болду. Мына ушундайча өз ара кызматташуу маселелерин талкуулап-кеңешүүчү аянтча болуп  келүүдө.

Алгачкы бир  жыл толугу менен  КМШны  уюштуруу иштерине арналды. Анан1991-жылы 30  -декабрда  Минскиде өткөн, КМШга кирген өлкө  башчылары  алгачкы жолугушуусунда, Мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын Кеңешин түзүү жөнүндө” убактылуу келишимге кол койду. Натыйжада уюмдун жогорку органы түзүлүп, ага кирген мамлекет башчылары чечим кабыл алуучу  бир добушка ээ боло алат.  Мындан тышкары КМШга кирген мамлекет  башчылары: ”Куралдуу күчтөр жана чек ара бөлүктөрү жөнүндө” келишимге кол коюу менен ар бир мамлекет өзүнүн Куралдуу күчтөрүн түзүү укугун бекемдеп алды.

Зинакан Кайыпова