Жаңылыктар
Бишкекте өтчү КМШ саммити башталуу алдында турат
Саясат
Бишкекте өтчү КМШ саммити башталуу алдында турат

Ага Кыргызстан, Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери катышат. Ал эми учурда КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, түшкө маал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчылар жыйынга чогулат.

Кечээ түнү КМШ саммитине катышуу үчүн Бишкекке Беларус президенти Александр Лукашенко келип, аны “Манас” аба майданында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. 

Ал эми Өзбекстан президентинин милдетин аткарууга киришкен Шавкат Мирзиёев саммитке келбей турганы маалым болгон. Анын ордуна Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышмакчы.Быйыл КМШга Кыргызстан төрагалыкты кылып жатат. Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык маарекесине туш келди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118