Жаңылыктар
Иши тергөөдө жүргөн жаран пара берип жаткан жеринен кармалды
Кылмыш
Иши тергөөдө жүргөн жаран пара берип жаткан жеринен кармалды

Иши тергөөдө жүргөн жаран пара берип жаткан жеринен бир тууганы менен кошо кармалды. Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик чек ара аркылуу Казакстанга жалпы салмагы 12 килограммга жакын наркотикалык затты алып өтүүгө аракет кылып кармалган Кыргызстандыкн жаранына карата Кылмыш-жаза кодексинин Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо беренеси менен козголгон кылмыш ишине оң чечим чыгаруу үчүн УКМК кызматкерине 30 000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды. 

19-февралда бул факт Кылмыш-жаза кодексинин Пара берүү беренеси боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 5-мартта жүргүзүлгөн атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, коопсуздук комитетинин кызматкерине 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда иши тергөөдө жүргөн жаран жана анын бир тууганы кармалды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.