Жаңылыктар
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 4-дивизиондогу дүйнө чемпиону аталды
Спорт
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 4-дивизиондогу дүйнө чемпиону аталды

Бишкекте өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 4-дивизиондогу дүйнө чемпиону аталды. Улуттук курама жалпысынан төрт оюн өткөрүп, бардыгы жеңиш менен жыйынтыкталды. 

Финалдык беттеште Кыргызстан –Кувейт командалары таймашып, оюн биздин жеңиш менен 14:0 эсебинде аяктады. Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын курамасы Иранды 13:1, Малайзияны 22:1 жана Сингапурду 15:0 эсебинде жеңип алган. 

Ага ылайык Иран экинчи орунду ээлесе, Сингапурдун командасы 3-орунду багындырды. Аталган дивизиондо жалпы жонунан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран өлкөлөрү күч сынашты. Дүйнө чемпионаты шаардык муз аянтында 3-8-март аралыгында өттү. Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.

Бишкекте өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна көрүүчү катары Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы да күбө болушту. 

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди Чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктады. Ал спортчулар менен баарлашууда улуттук кураманын жеңиши бардык кыргызстандыктарга кубаныч жана сыймыктануу тартуулаганын белгиледи. 

Президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды. 

Белгилей кетсек, Бишкекте өткөн хоккей оюндары республиканын аймагында уюштурулган спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.