Жаңылыктар
Кыргыз - тажик чек арасында ок атышуу болду
Чек ара
Кыргыз - тажик чек арасында ок атышуу болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады. 

Маалыматта айтылгандай, бүгүн болжол менен саат 10.50 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Тескей жерлигиндеги чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын чек ара кезмети мурда колдонулуп келген жүрүү багытын өзгөртүп, чек араны кайтаруунун жаңы чегине чыгышып УКМКнын Чек ара кызматынын чек кезметин аталган аймактан кетип калуусун талап кылышкан. Жерине тажик чек арачыларына кошумча күчтөр келип, жаңы чекке кирүүгө аракет кылышкан. 

Ошол эле учурда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин ниетин ишке ашырууга жол беришкен эмес. Натыйжада ок атышуу болуп, ал 10 мүнөткө созулган. Кыргыз тараптан жарадар болгондор жана жаракат алгандар жок. Дароо эле эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен чыр-чатак орун алган жерден чек ара кезметтерин эки тараптын чек ара өкүлдөрү келгиче алып кетүүнү жана кошумча күч жана каражаттарды алып келбөөнү макулдашышты. 

УКМКнын Чек ара кызматы Тескей жерлиги мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагына кирээрин жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып жаткандыгын белгилейт. Баткен облусундагы чек ара кайтаруу тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.