Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы бүгүн, 11-мартта Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш жерлигинде Кыргызстан менен Тажикистандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөндүгүн маалымдайт.

Жолугушууда кыргыз тарап түнкү атышуу Эки-Таш жерлигиндеги Баткен-Исфара авто жолунун аймагы көрсөтүп тургандай Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан тутанганын жана ошол жерден тажик аскер кызматкерлери Кыргызстандын жарандарынын унааларына таш ыргытышкан. Өз кезегинде тажик тарап өздөрүнүн аскер кызматкерлеринин унааларга таш ыргытууга тиешеси жок экенин белгиледи. Тажик тараптын айтымында, алар белгисиз жарандар болгон жана аларды издөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү биргелешкен чек арадагы кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл аракеттерге жол бербөө тууралуу жана ошону менен бирге тараптар мамлекеттик чек араны чек ара кезметинин штаттык бирдиги менен кайтарууну макулдашышты.

2022-жылдын 11-марты саат 12:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу деп мүнөздөлөт.