Президенттин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жарлыгы жер-жерлерде аткарылууда.
Бир катар коомдук ишмерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү той-аштардагы ашыкча чыгымдар кыргыз элинин салтында болбогонун бир катар мисалдар менен белгилешүүдө. Учурда жарлыкты ишке ашыруу максатында жер-жерлерде түшүндүрүү иштери уланып жатат.