Жаңылыктар
"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында бүгүн, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн баштады. 

Иш-чарага ошондой эле эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин иш башкармалыгынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты. Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып Мамлекет башчысы климаттын тез өзгөрүшү, аба ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстан үчүн эле эмес дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгиледи. "Дүйнө жүзүндөгү ар бир адам, ким болбосун, кайсыл өлкөдө жашабасын, климатка терс таасир эткен көрүнүштөр менен күрөшүүсү керек. Бийик тоолуу, кышы суук Кыргызстандабы же ысык Африкадабы - айырмасы жок. Анткени дүйнө жүзүндө климат, аба жана табият боюнча мамлекеттер ортосунда чек ара жок. Биз бардыгыбыз бир аба менен дем алабыз", - деген ал бардык өлкөлөрдү Кыргызстандан үлгү алып, табиятты жана климатты коргоо маселесинде сөздөн ишке өтүүгө чакырды. Садыр Жапаров "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиледи. Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.