Жаңылыктар
Ош шаарында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
Спорт
Ош шаарында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
Ош шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. 
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 155тей спортчу катышты. Чемпионатты Кыргызстандын Оор атлетика федерациясы менен Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурду.
Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуу үчүн республиканын курама командасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.