Жаңылыктар
Казакстанда жаңы кыргыз номерлерине доомат коюшууда
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстанда жаңы кыргыз номерлерине доомат коюшууда

Казакстанда жаңы кыргыз номерлерине доомат коюп жатышат. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Акылбек Жамангулов билдирди. 

Анын айтымында коңшу өлкөдө жаңы номерлер эл аралык стандартка туура келбейт-деп жатышканы жөнүндө кайрылуулар арбын болууда. 

Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматы мындай дооматтар менен макул эмес. 

Анткени жаңы номерлерди даярдоодо бардык эл аралык тажрыйбалар эске алынып, дипломатиялык иштер дыкат жүргүзүлгөн-дешет адистер.