Жаңылыктар
Кыргыз - тажик чек арасындагы акыркы абалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү
Чек ара
Кыргыз - тажик чек арасындагы акыркы абалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү

Тажикстандын Исфара районундагы "Гулистон" өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы абалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу алты саатка созулду. Сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты сактоо жолдору талкууланды. 

Экинчи бөлүгү эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзоданын катышуусунда улантылып, анда жалпысынан 4 маселе каралды: Биринчи чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбалык маселелери, арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо, көпүрөлөрдү оңдоо иштери. Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Экинчи, чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө. Үчүнчү, чек арада катталган мал уурдоо боюнча тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине толук кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү. Төртүнчү, чек ара аймактарында дрон учурууга тыюу салуу маселеси. Ал эми эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча сүйлөшүлдү.