Жаңылыктар
Италиядагы шахмат боюнча эл аралык турнирге жаш шахматчылар катышып келди
Спорт
Италиядагы шахмат боюнча эл аралык турнирге жаш шахматчылар катышып келди

1-марттан 8-мартка чейин Италиянын Каттолика шаарында шахмат боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Ага Кыргызстандан бир туугандар Сезим Адамова, Умай Адамова жана Алла Адамова аттуу жаш шахматчылар катышып келди.

Сезим Адамова турнирде Финляндиялык, Италиялык шахматчылар менен ат салышып, эл аралык турнирдин катышуучусу сертификатына ээ болду. Кыргызстандан барган жаш шахматчылар үчүн бул эл аралык турнир ийгиликтүү тажрыйба топтоо болду. Бул эл аралык турнирге Италия, Германия, Финляндия, Греция, Украина, Казахстан өлкөлөрүнөн шахматчылар келишкен.