Жаңылыктар
Кыргыз аскерлери тажиктердин турак жайын аткылашты деген маалымат чындыкка дал келбейт
Чек ара
Кыргыз аскерлери тажиктердин турак жайын аткылашты деген маалымат чындыкка дал келбейт

Тажик маалымат агенттиктеринин сайттарында жарыяланган "сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз аскерлери тажиктердин Сомониён айылындагы турак жайды аткылашты" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. 

"Кыргызстан менен Тажикстан биргелешип кайтарылган чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык аракеттерине карабастан, тажик маалымат каражаттары өздөрүнүн жалган билдирүүлөрү менен кайрадан эки өлкөнүн чек ара аймактарында кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылууда", - деп айтылат маалыматта. Чек ара кызматы Тажикстандын ЖМКларын такталган маалыматтарды таратууга жана чек арадагы жаңы чек ара окуяларына катализатор боло турган жалган маалыматтар менен эки республиканын жарандарын адаштырбоого чакырат. 

Ошондой эле Чек ара кызматы тажик кесиптештерине жалган материалдарды көз жаздымда калтырбоого, аны тараткандарды жана мамлекеттик чек арадагы чыр-чатакка себепкер болгон башка деструктивдүү элементтерди жаратууга түрткү болгондорду жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылат.