Жаңылыктар
КТРК Малайзиянын KL Television Network компаниясы менен кызматташат
УТРК жаңылыктары
КТРК Малайзиянын KL Television Network компаниясы менен кызматташат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев Малайзиянын KL Television Network компаниясынын директору Фаиз Хелими менен жолугушту. 

Анда КТРК өндүргөн көрсөтүүлөрдү, Кыргызтелефильм тарабынан даярдалган көркөм тасмалар Малайзиянын жана ага кошуна Сингапур, Филиппин сыяктуу мамлекеттерге көрсөтүү маселеси, ошондой эле алардын берүүлөрүн КТРКнын 6 каналына тартуу боюнча кенен сөз болду. Айрыкча жаңылыктар, маданий-таанып билүү багытында. 

Мындан тышкары, алардын өндүрүшүнөн чыккан фильмдерди Кыргызстанга тартуу боюнча меморандум түзүү макулдашылды. Биргелешкен меморандумга Малайзия менен Кыргызстандын башкы каналдарынын кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу дагы камтылган. Белгилей кетсек, КТРК өз багыты боюнча башка мамлекеттер менен эл аралык кызматташтыгын бекемдеп келет.

"Биздин корпорациянын эл аралык байланыштары кенен. Биз бир топ мамлекеттердин телерадио компаниялары менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу, контент алмашуу боюнча кызматташуубуз жүрүп жатат. Ошонун бири катарында Малазия, Сингапур Филип өлкөлөрү менен дагы кызматташуу боюнча Фаиз Хелими Мырза менен жолугушуп, кызматташуу талкууланды. Жакынкы арада кызматташуу меморандуму түзүлүп, кол коюлмакчы",- деп билдирди Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев.

"Биринчиден Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында жайгашкан KL Television Network компаниясынын башкы директору катары Кыргызстандын Коомдук телеканалына рахмат. Биз Куала-Лумпур, Малайзия жана Кыргызстандын ортосундагы телекөпүрө боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга кубанычтабыз. Биз ошондой эле Кыргызстанда малайзиялык контентти, ал эми Малайзияда Кыргызстандын берүүлөрүн жайылтууну кааладык. Мындан тышкары, биз Малайзия маданиятын даңазалоону каалайбыз жана тажрыйба алмашууну сунуштайбыз. Биз дагы Кыргызстанды көпчүлүк малайзиялык кинопродюсерлерге кино же атайын программаларды тартуучу жер катары сунуштайбыз. Анткени, Кыргызстанды маданияты бай, баалуулуктары бар өлкө катары билебиз"- деди KL Television Network компаниясынын директору Фаиз Хелими.