КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналынын YouTube үлгүсү күмүш баскычка ээ болду. Азыр катталуучулардын саны 200 миңден ашат.
Канал улуттук маданият менен искусствону сактоо, өнүктүрүү үчүн маанилүү иштерди алып барат. Руханий асыл дөөлөттөрдү, баалуулуктарды элге жеткирүүдө салымы зор. Маалымат менен технологиянын заманында улуттун көөнөрбөс байлыктарын, улуу мурастарды сактап калуу, жайылтууда телеканалдын аркалаган жүгү чоң.
Эске сала кетсек, YouTube катталуучусу 100 миңден ашкан авторлорго "күмүш баскыч", бир миллиондон ашкандарына "алтын баскыч" ыйгарат. Мындан сырткары "бриллиант", "жакут", "кызыл бриллиант" баскычтары бар.
"Алтын казынаны толуктай турган көрсөтүүлөр тартууланат. Зууракан Кайназарова, Ак байбиче, Ашыраалы Айталиев сыяктуу көөнөргүс мурастар топтолот. Байыркынын издери циклинде Алтай, Монголияга чейин барып тартып келишет. "Маданият, Тарых Тил" көөнөргүс мурастарды топтогон канал экендигин белгилейт", - деди "Маданият. Тарых. Тил" каналынын продюсери Назира Аалы кызы.