Жаңылыктар
Президент ишеним грамоталарды кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 21 өлкөнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Мамлекет башчысы алардын ишмердүүлүгү кызматташтыкты чыңдоодо жана өнүктүрүүдө оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди. Ошондой эле, Кыргызстан бардык өлкөлөр менен саясий-дипломатиялык байланыштарды, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирип, өнүктүрүүнүн жалпы багытын улантууга чечкиндүү экенин кошумчалады.