2022-жылдын 18-мартында саат 17:00 Коомдук телерадиоберүү корпорациясында, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы «Кыргызтелефильм» студиясы тарткан “Нурбек агай” фильминин бет ачары болот.
Бул фильмдин бет ачарында Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, тарбиялануучулары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, кино, маданият жана спорт чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышат.
Фильмдин башкы каарманы - Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. Ал дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлгөн спортсмен кыздарды тарбиялаган адам.
Бул фильмден көрүүчү Нурбек Изабековдун спортсмен жана машыктыруучу катары жеӊиштери, суктана турган турмуштук жолу жөнүндө кабардар болот.
Күрөш залы - Нурбек Изабеков үчүн анын жумушу гана эмес тагдыры болуп калган! Эл аралык бийиктикке көтөрүлгөн спорт жылдыздары, улуттук сыймыгы болуп калган кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова , Мээрим Жуманазарова, Медет кызы Айпери, машыктыруучу Нурбек Изабековдун, анын командасынын эӊ татаал жана түйшүктүү эмгегинин даӊазалуу мээнети!
Фильмди жараткан топ таанымал жана жаш кесипкөйлөрдөн турган:
фильмдин автору жана режиссеру - Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов,
операторлор: Эрнес Мамытов, Бактияр Мурадил уулу,
администратору: Адилет Молдобеков, Гульнара Дамир кызы,
продюсери: Токомбаева Нуржан.
Премьерадан кийин чыгармачыл топ, каармандар менен жолугушуу жана талкуу болот.