Жаңылыктар
Мелисбектин кайрылуусу өлкө башчысына жетип, ага жаңы тулпар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мелисбектин кайрылуусу өлкө башчысына жетип, ага жаңы тулпар тапшырылды

Өткөн жылдын 29-апрелинде Баткен - Исфана жолунда кыргыз-тажик чек ара окуясында каза болгон Мамасалы Каратаевдин уулуна өлкө башчысы тарабынан унаа берилди. 

Буга чейин "Ала-Тоо 24" каналы аркылуу маркумдун уулу Президентке кайрылып, атасынан калган унааны калыбына келтирип берүүнү суранган. Мамасалы Каратаев окуя болгон күнү жаракат алган адамдарга жардам берип жүрүп каза болгон, унаасы жол боюнда тажик аскерлери тарабынан талкаланган.