2002-жылдын 17-мартында Аксыда эл бийликке каршы чыккан. Натыйжада атайын "Тайфун" операциясы иштелип чыгып, жергиликтүүлөргө ок атылып, алты адам каза болгон. Бир тобу жаракат алган. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган.