Жаңылыктар
Эгемен мамлекеттер шериктештигинин 25 жылдык маараке
Саясат
Эгемен мамлекеттер шериктештигинин 25 жылдык маараке

Ошентип, Эгемен мамлекеттер шериктештиги быйыл 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Мааракелик саммит Бишкекте өтүүдө. 

Чейрек кылым ичинде бул уюм экономикалык гана эмес саясий, коопсуздук жада калса экологиялык, укуктук маселени чече турган аянтчага айлана алды. 

Бул сүрөттөр тарыхта таасын белгиленип калган атактуу Беловежское келишимин макулдашып жаткан учурдан элес. Уюмду түптөө сүйлөшүүлөрүнө 91-жылдын 8-декабарында Беларусь өкмөтүнүн резиденциясында чыйыр салынган. Беларусь, Орусия менен Украинанын жетекчилери күнкорсуз мамлекеттердин шериктештигин түзүүнү макулдашкан. Ага ылайык Советтер Союзу жоюлуп, анын ордун КМШ басты.

Чейрек кылым иштеп жаткан уюмдун чечими менен эркин соода жүгүртүү сыяктуу экономикалык жагдайлар жөнгө салынган. Коопсуздук жана саясий мүнөздөгү маселелер да КМШ аянтчасында чечилет. Муну менен катар уюмдун алкагында адам укуктары, экологияга байланыштуу көйгөйлөр да каралып келет. Шериктеш өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жогорку органы эки жылда бир чогулуп, баардык чечимдер тил табышуу жолунда кабыл алынат.